Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 26- кезектен тышкаркы сессиясы
2019-жылдын 26-октябры №4
“Сахаба” эс алуу багындагы арык, тратуар, жолдорду, спорт аянтчасынын салык тѳлѳмдѳрү жѳнүндѳ
“Сахаба” эс алуу багындагы жердин жалпы аянты 14.08 га жерди түзүп, анын ичинен 7.51га жерди коммерциялык багыт боюнча пайдаланылат. 3.12 га бѳлүгү арык тратуар,жолдорду,спорт аянтчасын түзѳт.Бул жерлерден коомчулук пайдаланып жаткандыгы үчүн салык ѳндүүрүүнүн мүмкүнчүлүгү жоктугун карап чыгып Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү” мыйзамынын жана Кыргыз Респуликасынын “Салык жѳнүндөгү” мыйзамынын гегизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы “Сахаба” эс алуу багындагы жердин 7.51 гектары коммерциялык максаты менен пайдаланып жаткандыгы, 3.12 га жер аянты арык тратуар, жолдорду,спорт аянтчасын түзгѳндүгүна байланыштуу ал жерден алынатурган салык суммасы коммерциялык максатта пайдаланылып жаткан жер эсебинен толукталсын.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кенштин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А.Имамов |