Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 29- кезектен тышкаркы сессиясы
2019-жылдын 26-октябры №5
“Сахаба” эс алуу багынын инфраструктурасын ѳнүктүрүү чаралары жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасын Ѳкмѳтүнүн Кыргыз Республикасында турузимди ѳнүктүрүү программасын Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүндѳ аткарылышын иш жүзүнѳ ашыруу, “Сахаба” эс багына келген туристердин саны жыл сайын ѳсүп бара жаткандыгы, туристердин келишинен жергиликтүү бюджетке түшүп жаткан кирешелердин суммасын көбөйтүү үчүн эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртуу зарылдыгын карап чыгып, Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтү тарабынан белгиленген сунушту колдоо максатында:
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жѳнүндѳгү” мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтү тарабынан “Сахаба” эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча сунушун колдоого алынсын.
2. “Сахаба” эс алуу багынын инфраструктурасын ѳнүктүрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын
3. Жаңы-Ноокат айыл ѳкмөтүнүн 2020-жылга карта бюджетин бекитүү убагында “Сахаба” эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыруу үчүн керектелүүчү сумманы бөлүүгѳ атайын көңүл бурулсун.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |