Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 29- кезектен тышкаркы сессиясы
2019-жылдын 26-октябры №7
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышы) кезектен тышкаркы сессиясынын 2015-жылдын 25- декабрындагы № 6 айыл ѳкмѳтүнүн Дѳн-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак бѳлүмүндѳгү мазардын жанында жайгашкан таштак 0.16 га жер аянтына социалдык объектилер куруу жѳнүндѳгү токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоолор киргизүү жѳнүндѳ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышы) кезектен тышкаркы сессиясынын 2015-жылдын 25- декабрындагы № 6 Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн Дѳн-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак бѳлүмүндѳгү мазардын жанында жайгашкан таштак 0.16 га жер аянтын 0.12 га бѳлүгүнѳ мечит, 0.04 га бѳлүгүнѳ балдар бакчасын куруу туралуу токтомун кайрадан карап чыгып жана талкуулап, айыл тургундарына социалдык шарт жаратууда мектепке чейинки балдар мекемесинин курулушу зарыл экендигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15- ноябрындагы “Мүлккѳ муниципиалдык менчик жѳнүндѳ” мыйзамынын 4-9-статьяларынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышы) кезектен тышкаркы сессиясынын 2015-жылдын 25- декабрындагы № 6 Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн Дѳн-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак бѳлүмүндѳгү мазардын жанында жайгашкан таштак 0.16 га жер аянтын 0.12 га бѳлүгүнѳ мечит, 0.04 га бѳлүгүнѳ балдар бакчасын куруу туралуу токтомуна тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүү жана толуктоолор киргизилсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн Дѳн-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак бѳлүмүндѳгү мазардын жанында жайгашкан таштак 0.16 га жер аянтын 0.12 га бѳлүгүнѳ мектепкечейинки балдар мекемесин, 0.04 га бѳлүгүнѳ мечит курууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун негизинде мамлекеттик акт берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
5. Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү архитектуралык иш- кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |