Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХV сессиясынын (VI чакырылыш) жыйналышынын
2019-жылдын 5-ноябры № 15/2
Айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылуу, айыл аймагына тартылган дем берүүчү гранттык каражаттардын пайдаланышы боюнча айыл өкмөтүнүн жана билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 29-беренесинин 3.4 –пунктуна жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык “Айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылуу, айыл аймагына тартылган дем берүүчү гранттык каражаттардын пайдаланышы боюнча айыл өкмөтүнүн жана билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө” Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошованын маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылуу, айыл аймагына тартылган дем берүүчү гранттык каражаттардын пайдаланышы боюнча айыл өкмөтүнүн жана билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Билим берүү мекемелериндеги окуу процесстерин алдыда келе жаткан күз-кыш сезонунда үзгүлтүккө учуратпоо максатында алардын иш аракеттерин жана аларда эмгектенип жана билим алып жаткан жарандарга тиешелүү шарттарды түзүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана материалдык каражаттарды максаттуу пайдалану, бул багытта көзөмөлдү күчөтүү, гранттык жана башка долбоорлор менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго жана билим берүү мекемелеринин жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У.Ажимаматов) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |