Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХV сессиясынын (VI чакырылыш) жыйналышынын
2019-жылдын 5-ноябры № 15/3
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом ylai-talaa-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана каттоого алынып Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы С.Карабаев) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |