Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХV сессиясынын (VI чакырылыш) жыйналышынын
2019-жылдын 5-ноябры № 15/4
Айыл аймагындагы Шаркыратма айылына баруучу жолдун Кызыл-Суу суусуна курулган көпүрөгө Шаркыратма айылынын тургуну Ысмайылов Мусанын атын ыйгаруу жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Шаркыратма айылынын элдик жыйынынын 29-август 2019-жылдагы № 2 протоколунун негизинде айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши:
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Шаркыратма айылынын элдик жыйынынын 29-август 2019-жылдагы № 2 протоколу бекитилсин.
2. Айыл аймагындагы Шаркыратма айылына баруучу жолдун Кызыл-Суу суусуна курулган көпүрө Ысмайылов Муса атындагы көпүрө болуп аталсын.
3. Аты коюлган көпүрөнүн абалын талапка ылайык деңгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, дайыма көзөмөлдөп туруу жагы айыл аймагына караштуу Шаркыратма айылынын тургуну Ысмайылов Мусага жана анын үй-бүлөөсүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом ylai-talaa-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана каттоого алынып Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы С.Карабаев) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |