Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(ХХIХ-чакырылышынын) кезексиз XIII- сессиясы
2019-жылдын 21-октябры № 2
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушун, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутатарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектебинин АРИС тарабынан колдоого алынып,капиталдык ондоодон өткөрүү боюнча долбоорунун өздүк салымына (3111)беренесиндеги каражаттан 52500 сом бөлүнүп берилсин.
2.М.Алыбаев атындагы орто мектебинин шамал учуруп кеткен чатырын ондоого шифер сатып алууга ЖКХнын учурдагы ондоо (2221)беренесинен 17500 сом жылдырылып берилсин.
3.М.Алыбаев атындагы орто мектебинин жылытуу от казанынын түтүн чыккан морун ондоого ЖКХнын учурдагы ондоо (2221)беренесинен 95000 сом бөлүнүп берилсин.
4.Т.Турсунбаева атындагы орто мектебинин жылуулук трассасын ондоого мектеп гимназиянын жылуулук системасына кошууга жана ондоого АУПтун (3111)беренесиндеги каражаттан мектептерди учурдагы ондоо беренесине 100000 сом бөлүнүп берилсин.
5.Актатыр айылына салынып жаткан кичи футбол аянтчасын бүткөрүүгө АУПтун (3111)беренесинен 100000 сом бөлүнүп берилсин
6.Балдардын окуу борборунун имаратын капиталдык ондоодон өткөрүүгө долбоордук сметалык документтерин даярдоо кызматына АУПтун (3111)беренесинен каражаттан 120000 сом бөлүнүп берилсин.
7.Чаек айыл өкмөтүнө караштуу мектептерине көмүр сатып алууга АУПтун (3111)беренесиндеги каражаттан мектептердин көмүр сатып алуу (2224)беренесине 100000 сом бөлүнүп берилсин.
8.Актатыр айылына электр чубалгыларын электр тирөөчтөргө илүү үчүн атайын тетиктерди сатып алууга ЖКХнын учурдагы ондоо (2221)беренесинен 9000 сом бөлүнүп берилсин.
9.ЖКХга күйүүчү май сатып алууга ЖКХнын учурдагы ондоо (2221)беренесинен күйүүчү май сатып алуу (2214)беренесине 75000 сом бөлүнүп берилсин.
10. О.Ногойбаев атындагы орто мектебине музыкалык аппаратура сатып алууга ЖКХнын (2221) беренесинен (3112)беренесине 75000 сом бөлүнүп берилсин.
11.Минбаев Эрнис атындагы балдар бакчасына кир жуучу машина, тамак бышыруучу жана нан бышыруучу плита жана башка эмеректерди сатып алууга АУПтун (3111) беренесинен (2222) беренесине 133000 сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
12.Чаек айыл өкмөтүнүн имаратынын терезелерин пластик терезеге алмаштырууга АУПтун (3111) беренесинен (2221)беренесине 160000сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
13.Бештерек айылына кичи футбол аянтчасын салууга АУПтун (3111)беренесинен 100000 сом бөлүнүп берилсин.
14.Токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | Азыбек уулу Чынгыз |