Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9 –октябры №4/3
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджеттен пайдаланылбай калган 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын керектелүүчү статьяга жылдыруу жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын токтому № 8/1 24-декабрь 2018-жылдагы жергиликтүү бюдеттин аппарат бөлүмүндөгү статья 3111 сооруженияга каралган 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты пайдаланылбай калгандыгына байланыштуу керектелүүчү статьяларга төмөндөгүдөй бөлүнсүн.
• Айыл өкмөтүнүн имаратына кабельный интернет киргизүү үчүн - 68 800 (алтымыш сегиз миң сегиз жүз) сом
• Айыл өкмөтүнө компьютер алуу үчүн -30 200 (отуз миң эки жүз) сом
• Түшүм майрамын өткөрүү үчүн - 40 000 (кырк миң) сом
• Баш-Кайыңды жана Большевик айылдарынын табличкасы жок көчөлөрүнө табличка жасатуу үчүн - 36 000 (отуз алты миң) сом
• Большевик айылындагы А.Табылдиев атындагы орто мектебине видое камера алуу үчүн -25 000 (жыйырма беш миң) сом
2. Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.
Төрага: Ж.Асеков