Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги XVIII сессия
2019-жылдын 29-октябры № 2
Жалал-Абад шаарынын 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары 16.05.2016-ж. № 59 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык 2018-жылдын шаардык бюджетинин аткарылышын карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Шаардык бюджеттин киреше бөлүгү (атайын төлөм каражаттарды жана келген трансферттерди кошкондо) жалпы салык жана салык эмес кирешелердин такталган планы 412 147,8 миң сом, аткарылганы 423 829,4 миң сом болуп, анын ичинен атайын төлөмдөрдүн такталган планы 73 811,8 миң сом, аткарылганы 72 558,7 миң сом болду, республикалык бюджеттен келүүчү трансферттердин аткарылганы 4 809,2 миң сом болду. Чыгаша бөлүгүнүн бюджеттик каражаттар боюнча аткарылганы 365 968,8 миң сом же такталган планга салыштырмалуу (420 432,3 миң сом) 87,0 % га аткарылды, атайын төлөмдөр боюнча аткарылганы 76 348,5 миң сом же такталган планга салыштырмалуу (83 797,4 миӊ сом) 91,1 % га аткарылды. Шаардык бюджеттин 2018-жылдын аткарылышы шаардык кеӊештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралды.
Жогорудагыларды белгилеп, 2018-жылдын шаардык бюджетинин аткарылышы боюнча депутаттардын шаардык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык бюджеттин 2018-жылдын киреше бөлүгүнүн аткарылганы 423 829,4 миң сомду түзгөндүгү, анын ичинен атайын төлөмдөр 72 558,7 миң сомго аткарылгандыгын эске алып, шаардык бюджеттин кирешесинин аткарылышы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын 2018-жылга шаардык бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылганы 365 968,8 миң сомду түзгөндүгүн эске алып, шаардык бюджеттин чыгашасынын аткарылышы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Атайын каражаттардын чыгаша бөлүгүнүн аткарылганы 76 348,5 миң сомду түзгөндүгүн эске алып, шаардык бюджеттин атайын каражаттардын чыгашасынын аткарылышы №2а – тиркемесине ылайык бекитилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |