Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги XVIII сессия
2019-жылдын 29-октябры № 3
Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуучу скважиналардын ижара акысын бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкаруусунун калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуучу “Тунук Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жана Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын 21.01.2019-жылдагы чыг.№1 насостук бекеттердин ижара акысы жөнүндө жазган арызын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын кеӊейтилген жыйыны карап чыгып, берген корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкаруусунун калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуучу “Тунук Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын башкаруусундагы 5 даана насостук бекеттер жана ижара акысы ушул токтомдун №1 тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
29-октябрь 2019-жылдагы кезектеги XVIII сессиясынын
3-токтомуна
1-тиркеме
№ | Жайгашкан жери | Даана | Аянты, чарчы метр |
Кыргызстан айылы | 1 | 189,5 | |
Төш Кутчу айылы | 1 | 380 | |
Качкынчы айылы Чапкындык көчөсү | 1 | 210 | |
Сабиров көчөсү | 2 | 6600 | |
С.Жээнбеков айылы | 1 | 524,25 | |
Жалпысы |
| 7904 | |
Бир жылдык ижара акысынын суммасы |
| 6000 сом |
Жалал-Абад шаардык
кеӊешинин жооптуу катчысы Б.Беркбаева