Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги XVIII сессия
2019-жылдын 29-октябры № 4
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 14.04.2015-жылдагы кезектеги XXII сессиясынын 12-токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 02.04.2019-жылдагы чыг.№06-5/225-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 14.04.2015-жылдагы кезектеги XXII сессиясынын 12-токтомунун 1-тиркемесине К1 бөлүгүнө төмөндөгүдөй редакцияда бир пункт кошулсун: “д) кампа (склад) – 0,8” жана эсептөө формуласы төмөндөгүдөй бекитилсин: “Кампанын бир айлык ижара акысы төмөндөгүдөй эсептелсин: «19сом*08*1,8*0,6*200м2=3283,2сом/бир айлык ижара акыны түзөт”.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |
Бт-базалык чен (ставка) шаар боюнча 19 сомго барабар
К1-имараттын же бɵлмɵнүн орун алуу коэффициенти.
К2-имараттын же бɵлмɵнүн тармактык пайдалануу коэфициенти.
К3-имараттын же ɵлмɵнүн абалына карап пайдалануучу коэфициент.
S-имараттын же бɵлмɵнүн аянты.
Т ар.-турак жайга кирбеген имарат же бɵлмɵ үчүн ижара акы.
К1-
а) бɵлɵк жайгашкан имарат 1,5
б) имараттын ичиндеги жай 1,3
в) кошумча курулган жай 0,8
г) жер тɵлɵɵ (подвал) 0,5
д) кампа (склад) 0,8
К2-
а) Сүрɵтчүлɵрдүн, айкелчилердин, архитекторлордун жана элдик чеберлердин ɵнɵрканалары, спорттук кызмат кɵрсɵтүү жайлары 1,2
б) Нан азыктарын, азык-түлүк товарларын, сүт азыктарын, кондитердик азыктарды, ичимдиктерди сатуу учун пайдалануучу аянттар, тамак-аш даярдоочу жана сатуучу коомдук тамак аш ишканалары, ɵндүрүштүк тармакта пйдалануучу имараттар же бɵлмɵлɵр 1,2
в) Даары дармектерди сатуу жайлары, медициналык кызмат кɵрсɵтүү жайлары, офис үчүн имарат же бɵлмɵлɵр, финансы мекемелери, камсыздоо компаниялары, биржалар, автомобилдерди, техникаларды эсептɵɵ жана башка жабдууларды ондоо жана техникалык тейлɵɵ. Материалдарды ксеро-кɵчүрмɵлүк иштетүү үчүн пайдалануучу имараттар же бɵлмɵлɵр 1,5
г) а,б,в-пунктарына кирбеген башка жайлар үчүн 1,8
К3-
а) Капиталдык ремонтту талап кылат 0,6
б) Женил ремонтту талап кылат 1,2
в) Ремонт талап кылбайт 1,8
Жардамчы, кошумча бɵлмɵлɵр үчүн (коридор, чыгып- түшүүчү тепкичтер, сан.түйүндөр) жогорудагы формула менен эсептелип, чыккан сумманын 50% түзɵт.
Мисал: 120м2 түзгɵн тери-венерологиялык оорулууларды кабыл алуу жайы.
19*1,5*1,5*1,2*120=6156 сом
Ушул имараттын ичиндеги кошумча, жардамчы бɵлмɵлɵрдүн аянты (коридор) 18м2 түзɵт.
19*1,5*1,5*1,2*18*0,5=461,7сом
Жыйынтыгында бир айлык ижара акынын жалпы суммасы 6156+461,7=6617,7 сомду түзɵт Кампанын бир айлык ижара акысы төмөндөгүдөй эсептилсин:
19сом*08*1,8*0,6*200м2=3283,2сом/бир айлык ижара акыны түзөт.
Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы Б.Беркбаева