Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги XVIII сессия
2019-жылдын 29-октябры № 5
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктү бузууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын 23.09.2019-жылдагы чыг.№04-09/2511-катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндөгү №7 жана №11-балдар бакчаларынын ортосундагы 1965-жылы курулган, учурда жараксыз абалдагы эски даараткананы бузууга уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (М.Тагаев), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Б.Джусупбеков) курулманы бузуу жагын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы сунушталсын.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (М.Тагаев), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Б.Джусупбеков) имаратты бузуу үчүн тийиштүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жана имаратты бузууда бала бакчасындагы тарбиялануучулардын коопсуздугун сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |