Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги XVIII сессия
2019-жылдын 29-октябры № 6
Жалал-Абад шаардык кенешинин 04.12.2018-жылдагы кезектеги XIII сессиясынын 15-токтомуна 2-тиркемеси жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 05.09.2019-жылдагы чыг.№07-01/2340-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 04.12.2018-жылдагы кезектеги XIII сессиясынын 15-токтомунун 1-тиркемеси жокко чыгарылып, бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссиясынын жаӊы курамы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиясына кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 29-октябрь 2019-жылдагы кезектеги XVIII сессиясынын 6-токтомуна 1-тиркеме
Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы Б.Беркбаева