Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги XVIII сессия
2019-жылдын 29-октябры № 7
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 11.04.2018-ж. VI сессиясынын №6-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Укуктук-ченемдик актылар жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесине жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык шаардык кеңештин кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 11.04.2018-жылдагы VI сессиясынын №6-токтому менен өзгөртүү жана толуктоо киргизилген «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу Атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө» Жобосуна төмөндөгүдөй өзгөрүү жана толуктоолор киргизилсин:
Жобонун I главасынын 6-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамына татыктуу инсанга жергиликтүү бюджеттин эсебинен «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулунун» төш белгиси, кɵкүрɵк лентасы күбөлүгү жана Жалал-Абад шаардык кеӊешинин токтому тапшырылат.
Жобонун II главасынын 9-пунктундагы «5» саны «7» деп өзгөртүлсүн;
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаевага) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |