Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги XVIII сессия
2019-жылдын 29-октябры № 8
«Жалал-Абад шаарынын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин «Ардактуу Атуул» наамын ыйгаруу боюнча жобосунуну негизинде жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Чимбердиевдин баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын «Ардактуу Атуулу» наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
Алибаев Жолболду Парпиевич – Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти, дастанчы, акын, аткаруучу
Калыбеков Жолдош – Кыргызстан Профсоюздарынын Федерациясынын «Жалал-Абад» санаторийнин юристи;
Эгембердиев Максатбек Бакирович – СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги;
Сулайманов Султанали Саматович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекетти каттоо кызматынын отличниги, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы каттоо кызматынын Жалал-Абад аймактык каттоо-сынак бөлүмүнүн башкы адиси;
Омошев Төлөгөн Теӊирович – педагогика илимдеринин кандидаты, К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин профессору, окуу маалымат департаментинин директору;
Мамадалиев Анваржан Тургунбаевич – Баткен коогалаӊынын катышуучусу, «Аманжол» автооунаа окуу мектебинин директору;
Постельняк Галина Петровна – КРнын билим берүүнүн отличниги, КРнын эмгек сиӊирген мугалими;
Акунов Кенешбек Жасынович – КРнын билим берүүнүн отличниги, Жалал-Абад шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мемлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) жүктөлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жаряланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |