Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-февралы №16-7
Жергиликтүү кеңешти юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Жергиликтүү кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы “ Юридикалык жактарды,филиалдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү” №57 мыйзамынын 11-беренесине ылайык жергиликтүү кеңешти мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айылдык аймагынын айылдык кеңеши юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
2. Мекеменин толук фирмалык аталышы: мамлекеттик тилде- “Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши” ,ал эми расмий тилде -“Айылный кенеш Джерге-Талского айылного аймака” деп катталсын.
3. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы,Жалал-Абад облусу, Аксы районунун Жерге-Тал айылы, А.Сармырзаев көчөсү №62 үй.
4. “Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин регламенти бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Эскертүү:Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын,ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда,юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | К.Шакыев |