Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги XVI cессиясы
2019-жылдын 15-июлу №17-1
Сметага өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржа маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 8-июлундагы “Сметанын негизинде үнөмдөлгөн акча каражаттарын жетишпестиктерди жабуу үчүн тиешелүү статьяларга жайгаштыруу жөнүндөгү” корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин Р-70111 (аппарат) бөлүмүнүн 31112290 (башка имараттарды сатып алуу жана куруу) статьясында жайгашкан Жерге-Тал айылына кичилогистикалык борбор курууга өздүк салым үчүн каралган 240,0 (эки жүз кырк миң) сом акча каражатын,Р-70629 (башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) бөлүмүнүн 31112290 (башка имараттарды сатып алуу жана куруу) статьясына жылдырылсын.
2. Боспиек айылынадагы Алтынай атындагы орто мектебине компьютердик жабдууларды жана эмеректерди сатып алуу үчүн каралган 85,1 (сексен беш миң бир жүз) сом акча каражаты ошол эле мектептин ашканасын ремонттоого акча каражатынын тартыштыгынан улам Р-70921 (орто билим берүү мекемелери) бөлүмүнүн 3112 (машиналар ана жабдуулар) статьясынан 31113390 (башка курулуштарды капиталдык оңдоо) стаьясына 50,0(элүү миң) сом,22211200 (курулуштарды учурдагы оңдоо) статьясына 35,1 (отуз беш миң бир жүз) сом акча каражаты жылдырылсын.
3. Р-70629 бөлүмүнүн 31113320 (жолдорду капиталдык оңдоо) статьясынан үнөмдөлгөн 285,1 (эки жүз сексен беш миң бир жүз) сом акча каражатынан Жерге-Тал айылынын тургуну форма-50у менен ооруган аялдын баласына жасалма сүт азыктары менен камсыз кылууга ,Р-70111 бөлүмүнүн 2721 (аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул) статьясына 30,4 (отуз миң төрт жүз) сом,Р-70921 (орто билим берүү мекемелери) бөлүмүнүн 31113390 (башка курулуштарды капиталдык оңдоо) статьясына 54,7 (элүү төрт миң жети жүз) сом акча каражатын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга Р-70629 (башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) бөлүмүнүн 2221 (мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар) статьясына 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
4. Токтомдун аткарылышы боюнча Аксы районунун финансы бащкармалыгы менен биргеликте иш-аракеттерди жүргүзүү жагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | К.Шакыев |