Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги XVII cессиясы
2019-жылдын 15-июлу №17-2
Жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын бекитип берүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 11-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 “Кыргыз Республикасынын жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын айыл чарба,тамак-аш жана мелиорация министрлигинин Кыргыз мамлекттик жер долборлоо институтуна караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясы менен Жерге-Тал айыл өкмөтү биргеликте тактаган айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча жыйынтыгын бекитип берүү жөнүндөгү чечимин угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери менен биргеликте такталган Жерге-Тал айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгы жактырылсын.
2. Жерге-Тал айыл аймагынын жер балансын ушул токтомдун негизинде кабыл алып,тиешелүү чечим берүү жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссиянын курамына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышы боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү жагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | К.Шакыев |