Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги XVI cессиясы
2019-жылдын 15-июлу №17-3
Салык кызматынын мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп алуу жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 8-июлундагы “Салык кызматы боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп алуу жөнүндөгү” корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы районунун салык башкармалыгы менен Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн “ Салык кызматын мамлекеттик ыйгарым укуктары катарында айыл өкмөткө өткөрүп берүү жөнүндөгү” келишими жактырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин эмгек акысы,байланыш кызматы,сапар чыгымдары жана ар түрдүү чыгымдарын келишимге ылайык төлөп берүү жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | К.Шакыев |