Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги XVIII cессиясы
2019-жылдын 14-августу №18-1
“Жергиликтүү денгеээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу “долбоорунун 2-фазасынын алкагында пилоттуу айылдык аймактарды тандап алуу сынагына муниципалитеттер аралык кызматташуу аркылуу катышуу жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу (ЖДККЖ/H S L) долбоорунун” 2-фазасына пилоттук айылдык аймактарды тандап алуу сынагына катышуу максатын билдирген демилгесин эске алып жана бул демилгени колдогон айылдык кеңештин “Бюджет жана каржы”маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 13-августундагы корутундусуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2-фазасына пилоттук айылдык аймак катары муниципалитеттер аралык кызматташуу аркылуу катышуу жөнундөгү Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн демилгеси колдоого алынсын.
2. Муниципалитеттер аралык кызматташууга катышуу боюнча төмөндөгү сунуш кылынган идеяларды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетин түзүп бекитүүдө көңүлгө алынсын.
2. 1 Ак-Жол,Жаңы-Жол, Авлетим,Кош-Дөбө жана Жерге-Тал айылдык аймактары биргеликте кызматташуу аркылуу болжолдуу баасы 5600000( беш миллион алты жүз миң) сомдук грейдер техникасы сатып алынсын (мында айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүүчү үлүштүк сумма болжол менен 350000 (үч жүз элүү миңди ) сомду түзөт.
2. 2 Жерге-Тал жана Афлетим айылдык аймактары биргеликте кызматташуу аркылуу болжолдуу баасы 1 000 000(бир миллион сомдук “Таштандыларды күйгүзүп, жок кылуучу мешти”сатып алуу менен орнотулсун (мында айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүүчү үлүштүк сумма болжол менен 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сомду түзөт).
3. Муниципалиттер аралык кызматташуу боюнча жогорудагы 2.1,2.2- пункттардагы долбоорлорду колдоо үчүн депозиттик каржылоо айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн түзүлгөн бюджетине сентябрь- октябрь айларында жүргүзүлүүчү өзгөртүүлөрдү кароодо (мүмкүнчүлүгү болсо ) жана айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетин түзүүдө эске алынсын.
4. Токтомду аткарууга алуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Айткуловго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана каржы” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Шакыев |