Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги XIXcессиясы
2019-жылдын 10-октябры №19-1
Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 9 айына карата аткарылышын бекитүү жана үнөмдөлгөн акча каражатын жайгаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 13-беренесине ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 7-октябрдагы корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9 айына карата бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уведомлениелер менен кабыл алынып, “канааттандырарлык” деп бекитилсин.
2. 70111 –бөлүмүнүн 22311200 статьясынын (электр энергиядан) үнөмдөлгөн 20,0 (жыйырма миң) сом акча каражаты жана 2224 (көмүр сатып алуу) статьясынан үнөмдөлгөн 13,1 (он үч миң бир жүз) сом акча каражаты ошол эле бөлумдүн 22154900 статьясына жумшалсын.
3. 70921-бөлүмүнүн 22311200 (электр энергия) статьясынан 50,0 (элүү миң) сом акча каражаты Р-70629 бөлүмүнүн 22221200 статьясынан Жерге-Тал айылынын ичүүчү суу системасына шлангаларды сатып алууга жумшалсын.
4. 70911-бөлүмүнүн22181100 сатьясынан үнөмдөлгөн 52,6 (элүү эки миң алты жүз) сом, 2224 (көмүр сатып алуу) статьясынан үнөмдөлгөн 28,0(жыйырма сегиз миң) сом акча каражатын ошол эле бөлүмдүн 22221200 (учурдагы максаттар үчүн чарба буюмдарын алуу) статьясыа жалпысынан 80,6 (сексен миң алты жүз) сом акча каражаты “Жибек” МЧББно килем сатып алуу үчүн жумшалсын.
5. 70921-бөлүмүнүн 22241100 (көмүр сатып алуу) статьясынан үнөмдөлгөн 39,2 (отуз тогуз миң эки жүз) сом акча каражатын ошол эле бөлүмдүн 22211200 (учурдагы оңдоо) статьясына А.Эрматов орто мектебинин эркин күрош залынын ремонтуна жумшалсын.
6. 70921-бөлүмүнүн 3111 (имараттар жана курулуштар) статьясынан үнөмдөлгөн 107,8 (бир жүз жети миң сегиз жүз) сом акча каражаты ошол эле бөлүмдүн 2222 (учурдагы максаттар үчүн чарба буюмдарын алуу) статьясына Боспиек орто мектебинин терезелерин алмаштыруу үчүн жумшалсын.
7. 70911-бөлүмүнүн атайын каражатынын 22181100 (тамак-аш сатып алуу) статьясынан үнөмдөлгөн 169,2 (бир жүз алтымыш тогуз миң эки жүз) сом акча каражатынан 111,0 (бир жүз он бир миң) сому 70911-бөлүмүнүн 22211200 (учурдагы оңдоо) статьясына “Назик” МЧББнө септик курууга, калган 58,1 (элүү сегиз миң бир жүз) сому 22221200 ( учурдагы максаттар үчүн чарба буюмдарын алуу) статьясына “Назик” МЧББнө килемдерди сатып алууга жумшалсын.
8. 70111-болүмүнүн атайын каражаттарында жайгашкан 44,0 (кырк төрт миң) сом акча каражаты 22211200 (учурдагы оңдоо) статьсына Капчыгай айылынын көпүрөлөрүнө материалдарды сатып алууга жумшалсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдетттендирилсин.
Төрага | К.Шакыев |