Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги XIX cессиясы
2019-жылдын 10-октябры №19-2
Сметага өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 13-беренесине ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 7-октябрдагы Хельветас Свисс Интеркорпорейшн Ассосациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы менен Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүу денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында жергиликтүү бюджетке “Дараметти жогорулатуу грантынын” негизинде келип түшкөн акча каражатын сметага отургузуу жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн 2019-жылга карата бекитилген сметасынын атайын каражаттар эсебине “Жергиликтүу денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында “Дараметти жогорулатуу грантынын” негизинде келип түшкөн 23710 (жыйырма үч миң жети жүз он ) сом акча каражаты бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдагы атайын каражатында бекитилген чыгымдар сметасы тиркелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | К.Шакыев |