Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 21-июну ПЖ № 245 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мамлекеттик гендер саясатын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынгендердик экспертизациялоо жүргүзүү механизмдерин жана бул жагында Кыр-гыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүүмаксатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 1-июнундагы №180 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмүнжана штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толук-тоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Администрациясынын штаттык саны" деген № 2 тиркемеде: 4-пункт төмөнкү мазмуундагы бешинчи абзац менен толукталсын:-----------------------------------------------------------------------|Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын | 1 ||Жогорку Кењешиндеги гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча атайын| ||өкүлү | |----------------------------------------------------------------------- "3" деген сан "4" деген сан менен алмаштырылсын; "Бардыгы" деген абзацтагы "124" деген сан "125" деген сан мененалмаштырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун2005-жылдын 21-апрелиндеги № 130 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттиккызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндөгү"
Жарлыгына төмөнкүдөй то-луктоо киргизилсин: жогоруда аталган
Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынынмамлекеттик саясат жана атайын кызмат орундарынын Реестри" деген № 1тиркемеде "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" деген бөлүмдүн "КыргызРеспубликасынын башчысы" деген бөлүмчөсүнүн 3-тобундагы "Кыргыз Респуб-ликасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги ый-гарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинин аксакалдарсоттору менен байланыш боюнча өкүлү, адам укуктары боюнча Комиссиянынтөрагасы" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын ПрезидентининКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги гендердик өнүктүрүү маселесибоюнча атайын өкүлү" деген сүйлөм кошулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Пре-зидентинин Иш башкармасы: - ушул Жарлыктан келип чыккан маселелерди чечсин; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында аялдар, үйбүлө жа-на гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кењештин Катчылыгы бирайлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республика-сынын Жогорку Кењешиндеги гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча атайынөкүлү жөнүндөгү Жобону иштеп чыксын жана бекитүүгө сунуш кылсын. 5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев