Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги XX cессиясы
2019-жылдын 21-ноябры №20-1
Сметага кошумча киргизүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 18-ноябрындагы КРнын Финансы Министрлигинин республикалык бюджетинен жетишпестиктерди жабуу үчүн келген 575 600 (беш жүз жетимиш беш миң алты жүз) сом акча каражатын чыгымдоону жергиликтүү бюджетке киргизүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин республикалык бюджетинен жетишпестиктерди жабуу үчүн келген 575 600 (беш жүз жетимиш беш миң алты жүз) сом акча каражаты Жерге-Тал айылынын негизги көчөлорү А.Сармырзаев,Ч.Багышбеков,Чолпонбай,А.Субанов жана Капчыгай айылынын Тегерек жана Коргон көчолөрүн жарыктандырууда кошумча жумуштар үчүн чыгымдалсын.
2. Көрсөтүлгөн акча каражатын жергиликтүү бюджеттин сметасынын Р-70629 бөлүмүнүн 31112290 (башка имараттарды сатып алуу жана куруу) статьясына отургузуп,андан ары максаттуу чыгымдоо жагы айыл өкмот башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Бүркүтбаев Кеңешбекке жүктолсүн.
Төрага | К.Шакыев |