Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги XX cессиясы
2019-жылдын 21-ноябры №20-2
Аудиттин жыйынтыгын талкуулоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2019-жылдын 19-октябрындагы №01-12/565 номериндеги каттын негизинде Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейинки аралыктагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы тууралуу отчетту жана жазма буйрукту карап жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейинки аралыктагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн кемчиликтерди оңдоо жагы айыл өкмөт башчысы тарабынан колго алынсын.
2. Айыл өкмөттүн негизги каражаттарынын жана материалдык баалуулуктарынын толук сакталышы көзөмөлгө алынсын.
3. Командировкалык чыгымдарынын ашыкча төлөнгөн суммасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августунлагы №471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндөгү” токтомуна ылайык кайрадан жергиликтүү бюджетке төлөнгөндүгү тиешелүү квитанцияга ылайык белгиленсин.
4. Бюджетти аткарууда кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү кызматкерлерге тартиптик чара көрүү жагы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Бүркүтбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | К.Шакыев |