Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 28-сессиясы
2019-жылдын 5-ноябры№2
Момбеков таза суу бирикмесине ФСДС коомдук фонду тарабынан берилүүчү грантка жергиликтүү бюджеттин эсебинен ѳздүк салым үчүн акча каражатын ажыратып берүү жѳнүндѳ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеӊешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 04.10.2019-жылдагы отурумунун протоколунун негизинде айыл ѳкмѳтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 28-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков таза суу бирикмесине ФСДС коомдук фонду тарабынан берилүүчү грантка айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен ѳздүк салым үчүн 100 миӊ сом акча каражатын ажыратып берүү жагы Ф.Э.Бүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Тургунбаевге жүктѳлсүн.
3. Кабыл алынган токтом Акыйкат гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |