Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 28-сессиясы
2019-жылдын 5-ноябры №3
№ 34-Жазгак мектебинин жылытуу системасын орнотууга, Бостон айылына кичи футбол аянтчасынын жана Кыла айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттоо үчүн долбоордук- сметалык документтерин даярдоого жана КААБ (коомдук алдын алуу борборуна) эмеректерди сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жѳнүндѳ
Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 28-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. № 34-Жазгак мектебинин жылытуу системасын орнотууга, Бостон айылына кичи футбол аянтчасынын жана Кыла айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттоо үчүн долбоордук-сметалык документтерин даярдоого жана КААБ (коомдук алдын алуу борборуна) эмеректерди сатып алуу үчүн айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен керектүү суммадагы акча каражатын ажыратып берүү жагы Ф.Э.Бүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Тургунбаевге жүктѳлсүн.
3. Кабыл алынган токтом Акыйкат гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |