Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 28-сессиясы
2019-жылдын 5-ноябры №6
№ 2194-Коммунизм жана № 2388-Бостон шайлоо участкаларынын чек араларын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен, Базар-Коргон, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын ѳкүлүнүн 30.09.2019-жылдагы № 01-05/05-сандуу катынын негизинде Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеӊешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 29.10.2019-жылдагы отурумунун протоколунун негизинде айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Ж Суярованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 28-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Ж Суярованын маалыматы эске алынсын.
2. № 2194-Коммунизм шайлоо участкасынын чек арасы Ош-Бишкек жолунун тѳмѳн жагы А Борбиев кѳчѳсүнүн тургуну Айдаров Абдыгапардын үйүнѳн Б Тѳрѳканов кѳчѳсүнүн тургуну Мамасабиров Алишердин үйүнѳ чейин жана Момошов Кадыржандын үйүнѳн № 16-мектепке чейин, А Борбиев-2 кѳчѳсүнүн батыш тарабындагы Масирова Бактыкандын үйүнѳн күн чыгыш тарабы толугу менен жана А Борбиев-1, Ү Исмаилов, М Амадалиев, М Амадалиев-1, Тажикул Балбан, Тажикул Балбан-1, М Мамыров, М Мамыров-1, М Мамыров-2, М Мамыров-3,Т Султанов, Т Султанов-1, Т Султанов-2, Т Султанов-3, Т Султанов-4, Т Султанов-5, Т Султанов-6 кѳчѳлѳрү толугу менен Юлдашов Мавляндын үйүнѳ чейин жана жолдун жогору жагы Жаӊы-Кыштак, Жаӊы-Кыштак-1, Жаӊы-Кыштак-2, Жаӊы-Кыштак-3 кѳчѳлѳрү толугу менен бекитилсин.
3. № 2388-Бостон шайлоо участкасынын чек арасы Ош-Бишкек жолунун жогору жагы А Мамыров кѳчѳсүндѳгү Азирети-Али мечитинен А Мамыров, Ж Маматраимов, Ж Маматраимов-1, Ж Маматраимов-2, Ж Маматраимов-3, Бостон-1, Бостон-2, Бостон-3, Бостон-4, Курулуш, Курулуш-1, А Сариев, А Сариев-1, А Сариев-2, А Сариев-3, А Сариев-4, А Сариев-5, А Сариев-6, А Анарбаев, А Анарбаев-1, А Качикеев, А Качикеев-1, А Качикеев-2, А Качикеев-3 кѳчѳлѳрү толугу менен, ал эми жолдун тѳмѳн жагы Арзыкулов кѳчѳсүнүн тургуну Токтосунова Сонунбүнүн үйүнүн жанындагы сел арыктан И Ажиматов, Т Сыдыков, Т Сыдыков-1, Бостон кѳчѳлѳрү толугу менен ал эми А Борбиев кѳчѳсү Дооронов Жаныштын үйүнѳн Масиркулов Ырыскулдун үйүнѳ чейин, А Борбиев-2 кѳчѳсүнүн тургуну Мамасабиров Полоттун үйүнѳн сел арыкка чейин жана Б Тѳрѳканов кѳчѳсүнүн тургуну Уразалиев Мараттын үйүнѳн Сариев Мамытбектин үйү кошулуп сел арыкка чейинки аралык бекитилсин.
4. Кабыл алынган токтом Акыйкат гезитине жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы укук коргоо жана мыйзамдуулук боюнча турукуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Ж Суяровага, статист-экономисти А Кадировго жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |