Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 28-сессиясы
2019-жылдын 5-ноябры №7
Ноокен райондук эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгы менен айыл ѳкмѳтүнүн ортосундагы келишимди бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715- токтомуна ылайык Ноокен райондук эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгы менен айыл ѳкмѳтүнүн ортосундагы келишимди бекитүү жѳнүндѳгү (Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби боюнча) айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж Субанованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 28-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж Субанованын маалыматы эске алынсын.
2. Ноокен райондук эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгы менен айыл ѳкмѳтүнүн ортосундагы түзүлгѳн келишим 1 жылдык мѳѳнѳт менен бекитилсин.
3. Кабыл алынган токтом Акыйкат гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж Субановага жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |