Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 28-сессиясы
2019-жылдын 5-ноябры №8
Момбеков айыл аймагындагы жайгашкан кѳмѳк чордондорун Жалал-Абад электро ишканасынын балансына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ
Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн жер боюнча башкы адис Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 28-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл аймагындагы жайгашкан кѳмѳк чордондорун Жалал-Абад электро ишканасынын балансына ѳткѳрүлүп берилсин.
3. Тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы райондук электр ишканасынан, райондук шаар курулуш жана архитектурадан, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондор аймактык башкармасынан суралсын.
4. Кабыл алынган токтом Акыйкат гезитине жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |