Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-декабры №179/35-7
“Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2018-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы”
Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2018-жылда аткарган иштери жөнүндө ЖДПБнун директорунун орун басары Д.Жунусовдун маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү З.Бопошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXV сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Шаарыбыздын калкын тейлөөдө стационардык 100 койка, 4 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу (ГСВ), 2 ФАП бар. Хирургия бөлүмүндө 32 анын ичинде хирургиялык профилде 14, травматологияда 10, гинекология бөлүмүндө 8, терапия бөлүмүндө 27 анын ичинде терапиялык профилде 15, неврология бөлүмүндө 12, балдар бөлүмүндө 12, инфекция бөлүмүндө 15, төрөт бөлүмүндө 14 койка.
2018-жылда ЖДПБда врачтар штат боюнча бекитилген 62,5 иштеп жатканы 39, медсестралар штат боюнча 157,25 иштеп жатканы 166, кичи персоналдар штат боюнча 69,75 иштеп жатканы 58.
Жалпы дарыгерлер практикалоо борбору тейлеген калктын саны :
-ҮДТ (ГСВ) №1 2018-ж 8973 киши;
-ҮДТ (ГСВ) №2 2018-ж 7159 киши;
-ҮДТ (ГСВ) №3 2018-ж 5355 киши;
-ҮДТ (ГСВ) №4 2018-ж 1799 киши.
Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борбору Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясын “Ден соолук-2020” улуттук программасынын негизинде иш алып барат. Кургак учукка, ВИЧ СПИДге, вирустук гепатитке каршы калк арасында профилактикалык негизде иш-чаралар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. ЖДПБнун дарыгерлери тарабынан 2018-жылы кургак учукка каршы 1 айлык иш-чара жарыяланып, мектептерде, мекеме-ишканаларда, университетте лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Кургак учук менен 2018-жылы 10 оорулуу адам табылган, анын ичинен БК+5 адам, DOTS программасы боюнча 9 адам дарыланган.
ЖДПБда медициналык кызматкерлер арасында ай сайын бейтаптарды сапаттуу тейлөө, врачтар тарабынан көрсөтүлгөн көрсөтмөлөрдү өз убагында аткаруу, бейтаптар арасында сапаттуу иш-чараларды жүргүзүү жана тааныштыруу иштери боюнча семинар окуулар өткөрүлүп турат. 2018-жылы стационардык дарыланууга 2733 бейтап түшкөн, анын ичинен 5 жашка чейин 431, экстренный 1047, пландуу 1686.
Жаш балдардын төрөлүүсү жана өлүмү боюнча 2018-жылы 406 бала төрөлгөн; өлүк төрөлгөн 1 бала, 1 жашка чейин 5 бала, төрөлгөндөн 6 күнгө чейинки 3 бала, бир айдан 3 айга чейинки 2 бала өлгөн.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде шаардык кеңештин кезектеги XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2018-жылда аткарган иштери жөнүндө ЖДПБнун директорунун орун басары Д.Жунусовдун маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү З.Бопошовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун жамаатына калкка кызмат көрсөтүүдө жарандарга врачтардын этикасын сактоо менен сыпайы мамиле жасоо сунушталсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |