Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-декабры №180/35-7
Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун 2018-жылда жана 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө
Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун 2018-жылда жана 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө аксакалдар сотунун мүчөсү Э.Кошалиевдин маалыматын жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун 2018-жылда жана 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун мүчөсү Э.Кошалиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотуна түшкөн даттануу, арыздарды мыйзам чегиндеги мөөнөттөн кечиктирбестен убагында кароо милдеттендирилсин.
3. Кара-Көл щаардык аксакалдар соту шаардык кеңештин 28.04.2018-жылдагы №76/16-7 сандуу токтому менен бекитилген “Кара-Көл шаардык аксакалдар соттору жөнүндө” жобого ылайык иш алып барсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык аксакалдар сотуна (А.А.Дарбишев), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |