Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-декабры №181/35-7
Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2018-жылда жана 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө
Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2018-жылда жана 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө аялдар кеңешинин мүчөсү Г.К.Мусуралиеванын отчетун жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.С.Эшенкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2018-жылда жана 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин мүчөсү Г.К.Мусуралиеванын отчету жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.С.Эшенкуловдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл щаардык аялдар кеңеши шаардык кеңештин 24.04.2015-жылдагы №67/19-5 сандуу токтому менен бекитилген “Кара-Көл шаарынын аялдар кеңеши жөнүндө” жобого ылайык иш алып барсын.
Аялдар кеңешине төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча кыз-келиндер арасында тегерек столдорду уюштуруу;
кыз-келиндер арасында маданий-массалык иш -чараларды уюштуруу;
мектеп жашындагы кыздарга кыргыздын каада-салттын, үрп-адатын, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо жаатында байбичелерден акыл-насаат угууну уюштуруу;
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык аялдар кеңешине (Б.К.Маматаева), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |