Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-декабры №182/35-7
“Кара-Көл шаардык жаштар кеңешинин 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө ”
Кара-Көл шаардык жаштар кеңешинин 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө жаштар кеңешинин төрайымы А.Б.Субанкулованын отчету жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.С.Эшенкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык жаштар кеңешинин 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө Кара-Көл шаардык жаштар кеңешинин төрайымы А.Б.Субанкулованын отчету жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.С.Эшенкуловдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык жаштар кеңешинин 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө Кара-Көл шаардык жаштар кеңешинин төрайымы А.Б.Субанкулованын отчету канааттандырарлык деп табылсын.
Жаштар кеңешине төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
жаштар арасында улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо темаларын чагылдырган маданий-массалык иш -чараларды өткөрүү;
жаштарды сарамжалдуулукка тарбиялоо багытында иш алып баруу;
зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жаштар арасында тематикалык кечелерди, тегерек столдорду уюштуруу;
шаардык денгээлдеги ар кандай иш-чараларга активдүү катышуу;
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын вице-мэрине (Г.О.Сатарова), шаардык жаштар кеңешине (А.Б.Субанкулова), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |