Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры №63
Жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттар эсебиндеги акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 09.12.2019-жылдагы № 01-34/711 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XIXсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Жогорудагы чечимге ылайык, атайын каражаттар эсебиндеги 191,9 миң сом акча каражаты ушул токтомдун тиркемесине ылайык чыгымдалсын.
3. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына милдеттендирилсин (Н.Кулузакова).
4. Бул токтомду жалпысынан аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).
5. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (А.Касымов).
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н.Жусупахунов |
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 10.12.2019-жылдагы кезектеги XIX сессиясынын № 63 токтомуна Тиркеме
№ | Статьясы | Каражаттарды чыгымдоо багыты | Сумма (миң сом) |
1 | 2212 | Чет өлкөгө иш сапар чыгымы үчүн | 57,7 |
2 | 2215 | Мамлекеттик актыларды алууга ( мектеп, архитектура жайгашкан имаратка, кесиптик-лицейден алынган жер аянтына, имаратка) | 19,1 |
3 | 2215 | Таласбай кичи районундагы мектеп, балдар бакчасынын проектисин архитектура менен макулдашууга | 28,1 |
4 | 2215 | Жаңы жылдык иш-чараларга | 40,0 |
5 | 3111 | Жашыруун документтер сакталуучу бөлмөнүн терезелерин темирден тосомолоо үчүн | 36,0 |
6 | 3111 | Бөкөнбаев мектебинин ( азыркы балдар окуп жаткан мейманкана) ашканасына буу соргуч жасоого | 11,0 |
|
| Жалпы: | 191,9 |
Төрага: М.Н.Жусупахунов