Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 10-декабры №64
Борбордук аянттагы монитор үчүн тариф жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө” мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 09.12.2019-жылдагы № 01-34/710 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 09.12.2019-жылдагы № 01-34/710 сунушу эске алынсын.
2. Монитор аркылуу жарнама жарыялоо үчүн тарифтерди иштеп чыгуу, макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ЖалалАбад областтык бөлүмүнө жазуу жүзүндө кайрылуу жолдонсун.
3. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ЖалалАбад областтык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү жообуна ылайык, жарнамаларды жарыялоонун тарифтери негизделген тиркемелери менен кийинки сессияга сунушталсын.
4. Бул токтомду жалпысынан аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).
5. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (А.Касымов).
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н.Жусупахунов |