Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 10-декабры №65
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Токтогул, Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү А.Б.Ажыкановдун 18.11.2019-жылдагы № 21 катынын негизинде, Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине жамааттардын атынан сунушталган талапкерлердин арыздары жана башка документтери депутатттар тарабынан каралып, талкууланды.
Жыйынтыгында, депутаттардын сунуштарын эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинде каттоого алынган, шаардын аймагында жашаган, 21 (жыйырма бир) жашоочунун талапкерлиги Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине сунушталсын (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн талапкерлердин документтерин толугу менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Токтогул, Кара- Көл аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү А.Б.Ажыкановго өткөрүп берүү жагы Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин (С.Наралиева)
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |