Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты №15-1
Мекемени каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “ Юридикалык жактарды , филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин Регламентин талкуулоонун негизинде Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кызыл-Туу айыл аймагынын Айылдык Кенеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрулсүн (мындан ары мекеме)
Мекеменин толук фирмалык аталышы :
Мамлекеттик тилде: “ Кызыл-Туу айыл аймагынын Айылдык Кенеши мекемеси”
Расмий тилде: “Айылный Кенеш”Кызыл-Тууского айылного аймака
2. Мекемменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Туу айылы, Б.Шабданов көчөсү үй № 64
3. Кызыл-Туу Айылдык Кеңешинин Регламенти бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын , ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү мекемелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын.
Төрага | А.Шайдиев |