Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги 15- cессиясы
2019-жылдын 12-марты №15-4
Авлетим , Кызыл-Туу , Кара-Суу , Кара-Жыгач жана Жаны-Жол айыл өмөттөрү менен биргеликте “калктуу конуштарды” ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суулардан тазалоо боюнча муниципалдык биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 4-жана 5-пунктарына ылайык жана айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1- мартындагы № 6 сандуу кайрылуусун эске алып сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө райондун башка айыл өкмөттөрү менен өз ара макулдашуу аркылуу “ калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо боюнча муниципалдык биргелешкен ишкана түзүүгө макулдук берилсин
2. Аталган максаттагы муниципалдык биргелешкен ишкананы түзүү үчүн уюштуруучу өкүл (учредитель) катары айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбеков Төрөкул Бөрүкулович көрсөтүлсүн.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин укук , мыйзам жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | А.Шайдиев |