Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-июну №16-2
Кара-Жыгач-Сары-Челек автожолунун сапаты жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Жылгын айылындагы 2018-жылы бүткөрүлгөн Кара-Жыгач-Сары-Челек автожолунун сапаты жана азыркы абалы жөнүндөгү социалдык , билим берүү , спорт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач-Сары-Челек автожолунун сапаты жана азыркы абалы боюнча ДЭП-12 ишканасынын асфальт жолду куруудагы кемчиликтери белгиленсин.
2. Жылгын айылындагы жана Жапаркул токоюнун тушундагы асфальт жолдун бузулган 300 метр жерин ондоо иштери жаны асфальт куруу мезгилинде бүткөрүлсүн .
3. Белгиленген мөөнөттө аткарылбаса жогорку органдарга кайрылуу сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык , билим берүү , спорт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абдубалиев К.милдеттендирилсин.
5. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
Төрага | Шайдиев А.Т. |