Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги 16- cессиясы
2019-жылдын 06-июну №16-3
Ички тартип жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Арзыбаев Шаршенбектин жайыт тартиби жөнүндөгү билдирүүсүнүн негизинде айыл чарбасы жана жаратылышты коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малдарды жазгы жайытка өткөрүү мөөнөтү 1-майга ,жайлоого көчүп кетүү 10-майга чейин жана көчүп келүү 5-сентябрдан кийин болуп белгиленсин.
2. Малдын башына төлөнүүчү бада акысы кой-эчкиге 1-айына (туз,жайлоо акысын кошкондо) 80 сомдон,кийинки айларга 60 сомдон ,кара малга 350 сомдон деп белгиленсин.
3. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жайыт комитетинин төрагасы Ш.Арзыбаевге милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн
Төрага | Шайдиев А.Т. |