Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги 17- cессиясы
2019-жылдын 11-июлу №17-1
Жаны мектептин имаратына жер аянтын берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Жылгын айылынын М.Барпиев атындагы Жылгын орто мектебинин жаны имаратын салуу үчүн мурунку имараттын жанына , токой чарбага караштуу эски гараж жана складдын ордуна жаны мектептин имаратын куруу үчүн жер бөлүштүрүп берүү жөнүндөгү социалдык , билим берүү , спорт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылгын айылындагы М.Барпиев атындагы мектептин жаны имараты үчүн токой чарбага караштуу эски гараж жана склад турган жерге жаны мектеп салууга уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин суралсын.
2. Керектүү иш кагаздарын даярдап жөнөтүү жооптуу катчы А.Калматовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык , билим берүү , спорт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абдубалиев К.милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн
Төрага | Шайдиев А.Т. |