Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги 17- cессиясы
2019-жылдын 11-июлу №17-2
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201- жана 2017-жылдын 15-мартындагы № 160 токтомун аткаруу жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик айрым укуктарды жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү бюджет финансы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн салык кызмтакерине мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп алуу жагы милдеттендирилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкеринин эмгек акысы , байланыш кызматы , сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук мамлекеттик салык кызматы менен түзүлгөн келишимге ылайык төлөнуп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Арстанбаевге милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн
Төрага | Шайдиев А.Т. |