Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги 18- cессиясы
2019-жылдын 25-сентябры №18-1
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетине 9 айдын жыйынтыгы менен түшкөн кошумча акча каражатын максаттуу пайдалануу жөнүндө айылдык кеңештин бюджет финансы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмотүнүн төмөндөгү иш аракеттери үчүн акча каражаттары бөлүнүп берилсин:
1. “Таза суу”долбоорун ишке ашырууда түзүлгөн муниципалдык ишкана үчүн- 80(сексен) миң сом ;
2. Айыл өкмөтүнө коюлган интернет кызматы үчүн Аксы телекомго- 58(элүү сегиз) миң сом;
3. Райондо Афган согушунун жоокерлерине арналган эстелик коюу үчүн -10 (он ) миң сом;
4. Баткен согушунун катышуучулары үчүн -5(беш) миң сом;
5. С.Айтиев атындагы Кызыл-Туу орто мектебинин айнек-терезелерин алмаштырууда аягына чыкпай калган иштери үчүн -163(бир жүз алтымыш үч ) миң сом ;
6. М.Барпиев атындагы Жылгын орто мектебинин курулуучу жаны имаратынын долбоорун өзгөртүү үчүн – 50(элүү ) миң сом ;
7. 2020-жылга стимгрантка жазылуучу долбоорлордун кызматы үчүн -50(элүү) миң сом .
2. Акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБбөлүмүнүн башчысы Т.Арстанбаевге милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
Төрага | Шайдиев А.Т. |