Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги 19-cессиясы
2019-жылдын 13 ноябры № 19-2
Кара-Жыгач-Сары-Челек автожолунун сапаты жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Жылгын айылындагы 2018-жылы бүткөрүлгөн Кара-Жыгач-Сары-Челек автожолунун сапаты жана азыркы абалы жөнүндөгү 2019-жылдын 06- июндагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 16- cессиясындагы №16-2 токтомунун аткарылышы боюнча социалдык , билим берүү , спорт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач-Сары-Челек автожолунун сапаты жана азыркы абалы жөнүндөгү 2019-жылдын 6- июндагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 16- cессиясындагы протоколдо көрсөтүлгөн кемчиликтердин ДЭП-12 ишканасы тарабынан аткарылбагандыгы белгиленсин.
2. ДЭП-12 ишканасынын жетекчисине келтирилген кемчиликтерди жана кыш, жаз мезгилиндеги табигат кубулуштарынын негизинде пайда болуучу деффекттерди 2020-жылдын май айына чейин бүткөрүү жагы тапшырылсын.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Төрага | А.Т.Шайдиев |