Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги 19-cессиясы
2019-жылдын 13 ноябры № 19-3
Жол-Сай айылындагы Э.Арстанбаев орто мектебинин жаны имаратынын курулуш сапаты жана керектуу инвентарлар менен камсыз болуусу жөнүндө
Жол-Сай айылындагы Э.Арстанбаев орто мектебинин жаны имаратынын курулуш сапаты жана керектуу инвентарлар менен камсыз болуусу жөнүндө
2019-жылдын 6- июндагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 16- cессиясындагы №16-1 токтомунун аткарылышы боюнча социалдык , билим берүү , спорт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 6- июндагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 16- cессиясындагы №16-1 токтомундагы Э.Арстанбаев орто мектебинин жаны имаратынын курулуш сапаты жана керектуу инвентарлар менен камсыз болуусу жөнүндө талаптардын аткарылбагандыгы белгиленсин.
2. Мектептин сметасындагы көрсөтүлгөн инвентарларды тактоо жана жогорку органдарга кайрылуу жөнөтүү үчүн атайын комиссия түзүлсүн.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Төрага | А.Т.Шайдиев |