Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-январы № 17/1
Жаны-Жол айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Жаны-Жол айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы болум башчысынын Н.Уркунбай уулу билдүрүүсүн угуп жана талкуулап Жаны-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү,өздүк бекитилген киреше: 3170,2(Үч миллион бир жүз жетимиш миң эки жүз ) сом,
Тендөөчү грант: 3947,5 ( үч миллион тогуз кырк жети миң беш жүз) сом, кошулуп, жалпысы: 7117,7 ( жети миллион бир жүз он жети миң жети жүз) сом суммасында бекитилсин
2. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү бекитилсин.
3. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин трансферттеринин көлөмү бекитилсин.Өздүк бекитилген киреше мурунку жылдардын фактыларына негиз бекитилсин.
4. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү тендоочү грант биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары белгиленсин.
5. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтуксүз камсыз кылуу максатында оздүк кирешелнрдин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландардын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
6. «Кыргыз Республикасынын бюджетик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө» мыйзамдын 21-статьясына негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 70,0 (жетимиш мин) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-июлундагы № 403-токтомуна негиз Айыл өкмөтүнөн статус алган айылдарга 0,75% өлчөмүндө 4 (торт) штат айыл башчы жана 2(эки) штат ВУС инспектору айлык акылары жетектөөчү адистин жана адистин айлык акысынын денгээлинде бекитилип берилсин
8 . Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Уркунбай уулуна милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
10. Токтом www jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Калпаков |