Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-январы № 17/3
Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга иш пландарын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына негиз Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бухгалтери Ж.Субанкулов маалыматын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V11-чакырылышынын кезексиз ХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнүн сунушунун негизинде жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына Ж.Субанкулов бекитилсин.
2. 2019-жылга Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин киреше,чыгыша бөлүгү жана иш планы тиркеме ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Карашовго жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Н.Калпаков |