Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-январы № 17/4
Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга калган калдык акча каражатын бѳлүү жѳнүндө
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн каржы бѳлүмүнүн башчысы Үркүнбай уулу Нуралынын 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга калган калдык акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ билдүүрүсүн жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаны-Жол айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезексиз XI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары кошумча уведомлениелер менен канаттандырарлык деп табылсын.
2. Жаны-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын киреше бѳлүгүнѳн 2019-жылга калган 2385.3(Эки миллион уч жүз сексен беш миӊ үч жүз) сом калдык акча каражаты тѳмѳндѳгүдѳй тартипте:
-Жүгүртүүдѳгү накталай акчанын кѳлѳмү 300,0 мин сом.
- 1941-1945 жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын
эстелигин калабына келтирүү үчүн 200,0 мин сом.
-Терс айылындагы ички жолдорду оӊдоп түзѳѳ үчүн 100,0 миӊ сом.
-Омурбеков М. Атындагы ички көчөнү шагалдоо үчүн 300,0 миӊ сом.
- Ички суугат арыктарды оңдоо үчүн 40,0 миӊ сом.
-Ж.Мамытбеков орто мектебинин ашканасынын ремонту үчүн 80,0 миӊ сом.
- Кой-Таш айылынын ички жолун ондоо түзөө үчүн 100,0 миӊ сом.
-Резерв ротага-30,0 мин сом
-Булун участкасынын ички жолун ондоо учүн 50,0 миӊ сом.
- Кой-Таш айылындагы жөө адам өтүүчү кѳпүрѳсү салуу үчүн 50,0 миӊ сом.
- солярка алуу үчүн 30,3 мин сом.
-Жаңы-Жол спорт залын үчүн 1000,0 мин сом
- Кызматтык автоунаасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн105,0 мин сом
Жалпысы: 2385.3(Эки миллион уч жүз сексен беш миӊ үч жүз)сом жумшалсын.
3. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бѳлүмүнѳ милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы айылдык Кеӊешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
5. Токтом Jany-jol.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Н.Калпаков |