Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-январы № 17/6
Авлетим,Кызыл Туу,Кара-Суу,Кара-Жыгач, жана Жаны-Жол өкмөттөрү менен биргеликте калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суулардан тазалоо боюнча мунуципалдык биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамыннын 18-беренесинин 4-жана 5-пунктарынын талаптарына ылайык жана айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-мартындагы №-2 сандуу кайрылуусун эске алып,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Айыл өкмөтүнө райондун башка айыл өкмөттөрү менен өз ара макулдашуу аркалуу “калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо” боюнча муниципалдык биргелешкен ишкана түзүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган максаттагы муниципалдык биргелешкен ишкананы тузүү үчүн уюштуруучу өкүл (учредитель) катары айыл өкмөтүнун башчысы Осмонова Жылдыскан Култаевна көрсөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөлдөө айылдык Кеңештин укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Калпаков |